Анда Бишкек шаардык кеңештин нааразылык иш-чаралардын өтүшүн чектеген токтому жана башка адам укугуна байланыштуу маселелер тууралуу сөз болмокчу. Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин кабыл алуусунда “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдун башчысы Азиза Абдурасулова жана адвокат Сартбай Жайчыбековдор болушат. (EBM)