Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 21-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Талас, Чүй, Жалалабат, Ош жана Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас аймагында түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13 градус.
Чүйдө түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -4...-9 градус болот.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн -25...-30, күндүз -12...-17 градус.
Бишкекте кыламык кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -20...-22,
күндүз -10...-12 градус болот.

Күндүн узактыгы: 9 саат, 32 мүнөт.

XS
SM
MD
LG