Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

БАТЫШ БАСМА СӨЗҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Орусиянын өзөктүк картасы; Гибрид түйүлдүк сарсанаасы жана Цезий-137 батыштык басма сөз баянынын кезектеги чыгарылышындагы айрым темала

“АКШ-нын Чыгыш Европага ракеталык коргонуу системасын жайгаштыруу планына, Европадагы “Жөнөкөй куралдарды чектөө” келишимин алып салуу аркылуу жооп кайтарган Москва, пре-эмптивалык чабуул коюу укугун коргоп жатып, алгачкы кез өзөктүк куралдардан пайдалануу тандамасын оозго алды”,-деп жазат Түркияда чыгуучу “Radikal” гезити. Гезиттин кечээ күнү чыккан санында жарыяланган макалада, Орусиянын коргоо министири генерал Юрий Балуевский, “ири коркунучтар жаралып калган учурларда өзөктүк куралдан пайдалануу аркылуу пре-эмптивалык, мындайча айтканда алдын алуу максатын күткөн чабуул жасала турганын айтуусу менен коркуткандыгы” билдирилип генералдын, “биз эч кимге чабуул коюуну пландап жаткан жокпуз бирок, биздин дүйнөдөгү досторубуз муну туура түшүнүшсүн: Орусия өзүнүн жана өнөктөштөрүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргош үчүн, пре-эмптивалык-өзөктүк чабуулду да кошуп алганда ар кандай аскердик күчтөн пайдалануудан тартынбайт” деп айткан сөздөрүнө орун берилген.
“Radikal” гезитинин ошол эле санында чыккан айрым бир кабарда болсо, Британиянын “Гумандык фертилизация жана Эмбриология Башкармалыгы” өлкөдө илимий изилдөө максатында, адам-айбан аралаш түйүлдүк, мындайча айтканда гибрид түйүлдүк өндүрүлүшүнө уруксат бергени билдирилди. Анда жазылышына караганда, илимпоздордун пикиринде, адам-айбан аралаш эмбрион, демек гибрид түйүлдүктү өндүрүш кээ бир айрым өлүмчүл илдеттерге каршы изилдөө жүргүзүүдө абдан ири мааниге ээ. Башкарманын берген уруксаты аркылуу адегенде Лондондогу “Кинг” колледжи менен Невкастле Университети бир жылдык мөөнөткө андайча түйүлдүктөрдү өндүрүү жумуштарын алып барышат. “Уютку үжүрө өндүрүш максатында адамдан алынган клеткалар менен айбан жумурткалары кошулуп жаралган түйүлдүктөр 14 күндүн ичинде кайра жок кылыныш керек. Бул технологиянын каршылары, гибрид түйүлдүк этикага төп келбей турганын жана андайча бир нерсе табыйгаттын ишине одоно кийлигишүү болуп эсептелерин билдирип, башкармалыктын кийинки токтомуна нааразычылык билдирүүдө”,-деп жыйынтыктайт “Radikal” макаласын.

Гезитте чыккан эң кызыктуу макала - бул мусулмандарга тиешелүү. “Ислам ааламынын көйгөйү электрондук талак” деген баш сөз менен чыккан макалада, Ислам ааламында чөнтөк телефондон SMS аркылуу талак берип жубайынан ажырашуулар, Малазия, Бириккен Араб Амираты жана Катарда күн өткөн сайын кеңири жайылып бараткандыгы билдирилет. Бул мусулман уламанын ортосунда, “SMS менен талак болобу?” деген курч талаш-тартышты пайда кылганы көрсөтүлгөн макалада ошондой эле, мусулманчылыкта шарият системасында күйөөсү аялына үч жолу талак берип “бошсуң” десе дини нике кайтууга болбой турган түрдө жараксыз болору эске салынат.

“БУУюмунун Эл-аралык өзөктүк кубат боюнча Башкармасы МАГАТЭ 2007- жылдын соңку күндөрүндө орун алган тынчсыздандыруучу мүнөздөгү Цезий окуясы менен байланыштуу деталдуу маалымат берүүсүн сурап, кыргыз өкмөтүнө ырасмий кайрылуу жолдоду”. Мындай деген маалымат Eurasia View аталган интернет баракчасында жарыяланды. Анда, Кыргызстандан Иранга багыт алып бараткан бир жүк поездинде Цезий 137 деген аталыштагы радиактивдүү заттын кармалышы менен байланыштуу жүрүп жаткан иликтөөлөр тууралуу кыргыз өкмөтү МАГАТЭге али маалымат бере элек экени белгиленип, Цезий 137-нин кармалышы окуясы кыргыз өкмөтүнүн аны калайыка билдиришинен нече күн мурда орун алганына көңүл бурулган.
XS
SM
MD
LG