Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

КЫРГЫЗСТАНДА ИШКЕРДИККЕ ЭҢ БИРИНЧИ КОРРУПЦИЯ БУТ ТОСУУДА


Апта башында АКШдагы кадыр барктуу изилдөө борбору - Heritage кору менен “Wall Street Journal” гезити дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин абалы жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Анда Кыргызстан 157 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгарылып, Борбор Азия өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда экономикалык эркиндик бар, деп айтылган. Ошол эле учурда өлкөдө коррупциянын деңгээли жогору деп көрсөтүлгөн. Эл аралык изилдөөлөрдүн натыйжасына жергиликтүү ишкерлер да кошулушат. Алар Кыргызстанда ишкердиктин өнүгүүсүнө бут тоскон негизги себеп –коррупция, болгондо да жогорку бийлик бутактарынын коррупцияга аралашуусу, деп эсептешет.

Жаңы бийлик келгенден тарта өлкөнү экономикалык жактан жакшыртууга, көмүскөдөгү ишкерлерди ачыкка алып чыгууга, салыктын түрүн азайтууга, эң алды онбеш жылдан бери чырмалышып өскөн коррупцияны азайтууга убада берип келе жатат. Алардын айрымдары ишке ашып, 2005-жылдын аягынан тарта жеңил өнөр жай тармагында мурда көмүскөдө иштеп келген бир нече миңдеген тигүү цехтери ачыкка чыккан. Өткөн жылы бир эле Бишкек шаарында тигүү цехтерин иштетүүгө 38 миң патент берилген. Бул мурдагы жылга караганда 19 миңге көп.

Адистердин айтуусунда жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерликтин ачыкка чыгышына чынында эле салык түрүнүн жеңилдетилиши түрткү болду. Салык демекчи эл аралык изилдөөлөрдө 2006-жылы салыктардын өлчөмү азайтылгандыгы да белгиленген.

Кыргызстандагы ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда салыктын өлчөмүнүн кыскарышы көмүскө ишкердүүлүктүн ачыкка чыгышына себеп болгон соң, бул саясат туруктуу болууга тийиш:

-Цехте иштеген ишкерлер көрдү, патент алды, патенттен кийин эч ким тийише албайт экен. Ошол үчүн алар ачыкка чыгып, коркпой иштей башташты. Эгер аларды азыр патент менен ачыкка чыгарып алып, анан 1-2 ай, жарым-бир жылдан кийин салыктын башка түрлөрүн талап кыла башташса, эртең алар кайра көмүскөгө кетет. Ошондуктан, аларга берилген убада аткарылышы керек, -дейт Чыныбай Турсунбеков.

2008-жылы 4-5 млн сомго чейинки акча айландырган ишкерлер салыктын башка түрүнөн бошотулуп, патент менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген.

Ушул тапта ишкерлер жаңыртылган Салык кодексинин ишке киргизилүүсүн күтүп атышкан учур. 2008-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча жаңы кодексти кабыл алуу быйылкы жылы май айында ишке ашат. Ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбековдун белгилөөсү боюнча анда ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүүчү бир катар жеңилдиктер бар:

-Киреше салыгынын 10% түшүшү жакшы нерсе, өлкөгө сырттан келип жаткан ишкердүүлүккө керектүү жабдыктардан кошумча нарк салыгынын алынып салынышы да жакшы нерсе. Бирок булар деле жетишсиз болуп жатат. Анткени азыркы өлчөмүндө деле салыктардын баары көп. Кошумча нарк салыгын баш кылып, социалдык төлөмдөрдүн баарын 10% тегерегине алып келип, анан текшерүүнү көбөйтсө деле ишкерлер көмүскөдөн ачыкка чыгат эле.

Кыргызстанда ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө эң биринчи коррупция бут тосууда. Бул тууралуу Haritage фондусу менен “Wall Street Journal” гезитинин изилдөөсүндө да айтылган. Айрым ишкерлер мамлекеттик аткаминерлер, түрдүү текшерүү органдары (анын ичинде күч органдары да бар) ишкерлерди акча толо мүшөк катары кабыл алыша тургандыгын айтып калышат. Мына ушул себептен ишкерлер таза, ачык иштөөдөн качышат, дешет алар.

Буга байланыштуу он беш жылдан бери ишкерлик кылган Бакыт Рысбаевдин пикири боюнча Кыргызстанда көмүскө ишкердиктин болушуна мамлекеттик кызматкерлер өздөрү кызыкдар:

-Ооба, мамлекеттик кызматкерлер, ошол эле салык инспекциясы, бажы, милиция, СНБ баары эле кызыкдар. Бардыгы бири-бири менен байланышы бар, коррупцияга бирдей малынышкан. Ачыкка чыкканда деле күн сайын улам бири келип, текшерип, тиешелүү “акысын” алмайынча, тынчтык бербейт. Таза саясат жүргүзүлсө, эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, ишкерлер ачыкка чыгып, салыгын төлөп, иштей бермек. Кыргызстанда андай шарт жок.

Президент Курманбек Бакиев 10-январда парламент менен өкмөткө билдирүү жасап, анда жеке ишканаларды текшерүүнүн санын азайтып, тартип сактоо органдарын экономикадан алыстатууга мезгил келип жетти, деген сөзүн айткан. Бирок ошентсе да айрым ишкерлер мындай сөз, мындай убаданы мурдагы президент Аскар Акаев да далай берип, бирок ал ишке ашпагандыгын белгилешет. Алардын айтуусунда өлкөдө система: үй-бүлөлүк башкаруу системасы өзгөрмөйүнчө коррупция ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө бут тосо берет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG