Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

12:28 Бүгүн Бишкекте жапон киносунун фестивалы ачылат


Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде өтө турган фестивалды Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жатат. Бүгүндөн тарта 26-январга чейин жапониялык киночулардын жаңы үч көркөм тасмасы элдин назарына сунушталмакчы. Тасмалардын биринде роботтордун конкурсу тууралуу айтылса, дагы биринде поездге олтурган сокур жүргүнчүлөргө жардам берчү күзөтчү-ит жөнүндө баян этилет. Жапон элчилиги жылына кыргызстандыктарга жапон киносунун фестивалын өткөрүп тураарын билдирди. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев былтыркы жылдын ноябрында Жапонияда расмий сапар менен болуп кайткан. (TD)

XS
SM
MD
LG