Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

ЖАЛАЛАБАТТА КОММУНИСТТЕР ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫН САТУУГА КАРШЫ


Ырысбай Абдыраимов, Бишкек 22-январда жыйын курган коммунисттик партиянын Жалалабат облустук комитети энергобулактарды жеке менчикке берүүгө каршылык билдирди. Алар ошондой эле референдумда жер байлыктарынын менчикке берилиши жөнүндөгү берененин кабыл алынганына макул болбой, энерго булактарды, жер байлыктарын сатпай, тарыхый эстеликтерди сактап калуу үчүн Президентке, Жогорку Кеңеш менен өкмөткө кайрылуу кабыл алышты. Губернатордун орунбасарынын сунушу боюнча энергебулактарын бүтүндөй эмес, бөлүштүрүү кампанияларын жеке менчикке берип, чет элге сатылчу электр кубатынын баасын көтөрүү зарыл.

Компартиянын облустук комитетиндеги жыйында президент менен Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөткө кайрылуу кабыл алынды. Комитеттин 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаевдин белгилешинче жер байлыктары жеке менчикке берилсин деген төртүнчү берене референдумга киргизилген башка бөлүмдөр менен кошо туура эмес кабыл алынган. Эми энергобулактарын жеке менчикке берүү маселеси Жогорку Кеңеште жактырыла турган болсо, элдин нааразылыгы күчөөcү ыктымал. Коммунисттер жер, суу, энергобулактары сатылбай, тарыхый эстеликтер сакталсын деген талаптарын билдиришти:

- Биз бүгүн бийликке каршы эмеспиз, бийликтин туура эмес системасына каршыбыз. Жолдош депутаттар эсиңерге салып коелу, Казакстан энергияны сатып кайра зорго кайтарып алган. Эгер биз бүгүн жерди, энергияны сатсак мамлекет эмне болот. Бул эртең мамлекетти жоготуу деген нерсе. Ошон үчүн Жалалабат облусунун карапайым калкы буга түп тамыры менен каршыбыз.

1997-жылы жерди жеке менчикке берүү маселеси көтөрүлгөндө Жалалабатта миңдеген адамдар митинг өткөрүшкөн. Андай толкундоолордун алдын алуу үчүн Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы өкүлү Шарап Абдыкадыровдун пикири боюнча энергебулактарын жеке менчикке берүүнү президент токтотуусу зарыл:

- Бир бай сатып алса, ал бааны каалашынча көтөрсө, биз кантип төлөйбүз деген ой болуп атат. Урматтуу президент Курманбек Салиевич, сатабыз деген нерсени токтотсоңуз, карапайым калк буга чыдабайт. 97-жылдагыдай көчөгө чыгып калышы да мүмкүн. ХИПКке өткөрөбүз дегенде дагы көчөгө чыгып сизди араң токтоткон. Ошон үчүн Чудинов быйыл сатпасак болбойт дегенге карапайым эл каршы.

Энергетикалык тармакты бүтүндөй бойдон жеке менчикке өткөрүү туура эмес. Ноокен районундагы “Кенч” акционердик коомунун төрагасы Акыбай Сооронбаевдин көз карашында жалпы тармак бир адамга өткөндө көпчүлүк анын көзүн карап, жашоосу начар үй-бүлөлөр менен кары-картаң, оорулуу адамдар менчик ээси койгон бааны төлөй албай калуусу ыктымал. Электр жарыгын бөлүштүрүү кампаниялары сатыкка койсо болот:

- Энергия системасы аябай чоң пайда алып келе турган нерсе. Бирөөгө берип коюп анан келечекте анын көзүн карап, ал кымбаттатып башка бирөөгө бергенден көрө Кыргызстандын бюджетине түшсө көп маселе чечилмек.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында облустагы калктын аң-сезиминде өзгөрүү болуп, электр тогун жоготуу 9 пайызга түштү. Губернатордун орунбасары Айбек Акбаровдун оюнда реформаны аягына чыгаруу үчүн электр тармагын мамлекеттик монополияга өткөрүп, чет элге берилген жарык акыларын жогорулатуу зарыл:

- Чет мамлекетке сатып аткан электр энергияны кымбаттырак сатышыбыз керек. Азыркы күндө 6 центтин тегерегинде сатылып атат, ал эми өзүбүздүн элге 16-17 центтен сатылып атат. Линияларды жаңылап, техникалык жоготууну азайтышка аракет кылып, сумманы ошого кетириш керек болуп атат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG