Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

ЭРКИН КҮРӨШҮ БОЮНЧА 2008-ЖЫЛДЫН ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ


22-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөшү боюнча 2008-жылдын чемпиондору аныкталды. Ошондой эле бүгүн жана эртең 23-24-январда самбо күрөшү боюнча эр азаматтар өлкө биринчилиги үчүн күч сынашып, мөрөй талашат.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн өлкөнүн тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан таймашууга бардык облустардын өкүлдөр келишти. Мөрөй талашууда Кыргызстандын тандалган жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Бишкектеги 5- спорт мектебинин өкүлү Нурлан Орозбек уулу жеңип алды.
Былтыр Бакы шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган Олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны, Азия чемпиону Базар Базаргуруев (сүрөттө) табында экенин айгинелеп, 60 кг салмакта өлкө чемпиону аталды.

Баш байгени уткан Базар мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, эми жайында Бээжинде өтө турган жайкы олимипадалык оюнда өлкө намысын коргой турганын билдирди.

66 кг салмакта да Олимпиадалык даярдоо борборунун өкүлү Батыр Базаров биринчи орунду камсыз кылып, өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74 жана 86 кг салмакта Олимпиадалык даярдоо борборунун балбандары Илгиз Жакыпбеков менен Самат Толубаев былтыркы чемпиондук наамдарын сактап калышты.

96 кг. салмакта Бээжин олимпиадасына жолдомо жеңип алган Азиянын чемпиону Алексей Крупняков быйылкы чемпионатка катышпагандыктан бишкектик Бекболсун Кушубаков баш байгени утуп, өлкө чемпиону аталды.

Оор салмакта Бишкектеги 5- спорт мектебинин балбаны Аскер Эфендиев финалда оштук Жылдызбек Давлеталиевди утуп, чемпиондук алтын медаль тагынды.

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнкановдун айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши- жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар. Олимпиадага учурда кыргызстандык эки балбан жолдомо алган. Мындан тышкары март айында Түштүк Кореяда өтө турган Азия чемпионатында баш байге уткан балбандарга да олимпиадага жолдомо берилет. Ошондой эле дагы эки эл аралык Гран-при мелдешинде мөрөй алгандардын дагы Бээжин олимпиадасына жолу ачылат. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандарга быйыл Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында өлкө биринчилигинде тандалган балбандарга каршы атаандаш жаштар өсүп келатканы байкалды.
Эми бүгүн жана эртең 23-24- январда самбо күрөш боюнча кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо- өлкө чемпионатынын таймашуулары болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG