Келишимге 25-январда Москвада кол коюлмакчы. Ага ылайык «Газпром» Сербиянын түштүгүндө газ түтүгүн жана жер астында газ сактоочу жай курууга, мамлекеттик «Сербиянын мунай индустриясы» аттуу монополисттик ишканасын сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Өз кезегинде Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуница келишимди колдоп, бул өлкөнү энергетикалык ресрустар менен камсыздоого шарт түзөөрүн белгиледи.