Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

РЕЖИССЕР МЕРНУШ СОЛУКИ ИРАНДАГЫ АДАМ УКУГУНУН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТАТ


Ирандык-франциялык режиссер Мернуш Солуки өткөн жылдын этегинде Тегерандан Парижге кайтып барды. Жаңы документалдуу тасма үчүн материал топтоп жүргөн Солуки былтыр камакка алынып, бир ай Эвин түрмөсүндө жалгыз адам кармалган камерада отуруп чыкты. Иран бийликтери анын паспортун алып коюшкандыктан ал өлкөдөн чыга албай жүрдү.

Парижге, жакындарына аман-эсен кайтып келген Солуки абактагы күндөрүн, аны менен кошо отурган аялдардын түнкү ыйын жакында унутпайт болушу керек.

Франциянын жараны Мернуш Квебек университетинде кинематография факультетинде докторантурада окучу. 2006-жылы ал Ирандагы улуттук азчылыктардын жерге коюу салты жөнүндө фильм тартуу үчүн ата-бабаларынын мекенине жөнөйт.

Солуки кокусунан 1988-жылы режимге нааразылык билдирген адамдардын массалык көрүстөнүн таап алгандан кийин, былтыр февралда камакка алынган:

-Мен кесиптешимдин кеңсесинен чыгып бараткамын, жөнөкөй кийинген 5 киши келип мени токтотушту. Алар куралчандай көрүндү. Ошондон тартып менин жашоом кескин өзгөрдү, - дейт жаш режиссер.

Бир ай ал Эвин түрмөсүндөгү камерада жалгыз отурду. Ата-энеси 85 миң евро күрөгө койгондон кийин Солуки кое берилди, бирок паспортусуз Ирандан эч жака кете алган жок. Ноябрда болгон сотто режиссерго өкмөткө каршы үгүттөө, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү деген айып тагылды. Солуки 2 миң долларга жакын айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Өткөн июлда Тегеранда ага белгисиз бирөө кол салып, бетиндеги жараларды айыктырыш үчүн 4 операция жасалды. Бирок Эвин түрмөсү жөнүндөгү эскерүүлөр да 39 жаштагы Солуки үчүн терең жарадай болуп калды:

-Абактагы башка аялдардын ыйлаганы, кыйкырганы угулуп турчу. Мен аларды бир террористтер, кылмышкерлер деп ойлогом. Бирок кийин сураштыра келсем алар 8-мартта демонстрацияга чыккан аял-активисттер экен.

Соңку айларда Эвин түрмөсү укук коргоочу аялдарга, студент активисттерге, журналисттерге толуп калды. Ал эми Солуки таап алган Хаварандагы мүрзөгө канча киши көмүлгөнү белгисиз. Кээ бир божомолдорго ылайык, 1988-жылдын жай, күз айларында режимдин 2 миң 800дөй оппоненти жок кылынган. Алар ар кайсы жерлерге көмүлгөн:

-Көрүстөндү көргөндө камерамды токтото алган жокмун. Бул Иран тарыхынын бир бөлүгү. Бирок кийин Тарбият Модаресс университетинин мугалими, профессор Агажари менен сүйлөшкөнүмдө ал “жок бул Ирандын расмий тарыхына кирбейт”, - деп айтты. Ал Ирандын тарыхын эмес, өткөн чагынын ошол бөлүгүн изилдегендер куугунтукталат деп эскертти. Профессордун айтымында, Хаваран көрүстөнү жөнүндөгү иш ачыкка чыгып калса, Иран жана ошол окуяга тиешеси барлар эл аралык сотко берилет, - деп баяндап берди Солуки. Эми ал өз башынан кечирген окуялар жөнүндө фильм тартайын деп жатат.

XS
SM
MD
LG