Өткөн жуманын башында Испанияда саякатта болгон кезинде премьер-министр Режеп Т. Эрдогандын “турбан саясий бир аракеттин символу болгон менен ага тыюу салыш үчүн эч кандай бир мыйзамдык негиз жок. Бул маселени жаңы башмыйзамды күтпөй эле, учурдагы башкы мыйзамга бир сүйлөмдүк өзгөртүү киргизүү аркылуу чечсе болот” деп баяндоосу менен, өлкөдө ЖОЖдор менен бир катарда ‘мамлекеттик мухит’ деп аталган ырасмий мекемелерде турбан салынууга уруксат берип-бербөө тууралуу талаш-тартыш кайра алоолонду. Адегенде, оппозициядагы Улутчул Аракет Партиясы премьер-министр Эрдогандын андай деген максатына колдоосун билдиргенден кийин өкмөт бир топ жүрөктөндөй болду. Бирок бейшемби күнү кечинде өлкөнүн башкы прокурору Абдуррахман Ялчынкая “саясий партиялардын жумуруяттын секулярдуу принциптерин өзгөртүүнү көздөп, бул же тигил бир аракетти жасашына, же бир максатты көздөгөн билдирүү жарыялашка укугу жок. 85 жылда жумуруяттын жетишкендиктерин жана анын байманаларын четке кагыш өлкөгө эч кандай бир жакшылык алып келбейт” деп катуу эскертти.
Ошондон бир күн өтпөй, өлкөнүн эң жогорку сот органдарынын бири саналган Мамлекеттик Кеңеш ‘Даныштай’, “Университеттердеги жоолука салынган чектөөлөрдү алып салуу турбандын башка мекемелерге да жайылуусуна алып барат жана жүрүп олтуруп өлкөдө социалдык бейпилдик коркунуч астында салат” деп эскертти.
Айрым чөйрөлөр жана кээ бир конституция боюнча академиктер тарабынан ‘бийлик бутактарынын бири-биринин ишине кийлигишкендик” катары сүрөттөлгөн бул эки эскертүү өкүмөт башчысы Эрдогандын абдан катуу реакциясын жаратты. Ал партиясынын аялдар комитетинин Анталия шаарындагы жыйынында чыгып сүйлөдү.
“Эч ким өзүн мыйзам чыгаруу же аткаруу бийлигинен өйдө коё албайт. Ар ким өз жумушун аткарсын, сот бийлиги да өз ишин Конституцияда көрсөтүлгөн принциптердин чегинде гана алып бара алат. Демократиялуу системанын эң башкы мекемелеринин бири саналган саясий партияларды эч ким өз эркине моюн ийдирүүгө тырышпасын. Эркиндиктер жөнүндө сөз айтылып жаткан бүгүнкү күндүн дүйнөсүндө ар бир киши өзү каалагандай кийинип, өзү каалаган жерине эркин бара алышат. Эгерде биз бул маселени чече албасак анда эркиндиктер жаатында чоң проблема бар дегенди түшүнтүрөт”,- деди Эрдоган мырза.
Иш жүзүндө башкаруудагы партия турбан маселесин учурда долбоору даярдалып жаткан өлкөнүн жаңы конституциясынын чеги ичинде чечүүнү пландаган болуучу. Бирок, жаңы конституциянын кабыл алынып күчкө кирүүсү дагы бир канча айга созулаары күтүлгөндүктөн жана айрым байкоочулар далилдегендей, жергиликтүү шайлоо мезгили жакындап бараткан себептүү өкүмөт шашылып жатат.
Эрдоган канчалык катуу реакция көрсөтпөсүн, сот бийлигинин бул эскертүүлөрү таасирин көрсөтпөй коёрун ойлош мүмкүн эмес. Адегенде, проблеманын чечилишине көмөгүн берерин баяндаган МХП-нин лидери Девлет Бахчели дагы алгачкы турумунан кетенчиктеп бараткандыгы байкалат. Ал мурда күнү өзүнүн партиясынын жыйынында чыгып сүйлөдү.
“Саясат жоолуктан колун тартыш керек. Жоолукту саясий же идеологиялык бир символ катары колдонууга болбойт. Бул маселени чечүүнүн платформасы парламент болуп эсептелет. Биздин пикирибизде, турбанды университеттерде гана эркин коюп, мамлекеттик мекемелерде ага уруксат берилбеш керек”,- деди Девлет Бахчели.