Египет президентинин айтымында, ал азык-түлүк сатып алуу үчүн палестиндерге чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Палестина менен Египеттин чек арасындагы тосмонун бир бөлүгү бузулуп салынгандан кийин он миңдеген адамдар Египет аймагына өтүп, азык-түлүк сатып алышты. Мындай кадамга алар Израил Палестин аймагын толук блокадага алгандан кийин барды.Израил өз кезегинде Египетке өткөн атуулдар курал алып келишет деп тынчсыздануусун билдирүүдө.