Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

МОСКВАДАГЫ СЕЛСАЯКТАР КӨРКӨМ ӨНӨРГӨ ТАРТЫЛУУДА


Элен Куленбекова, Прага Жакында эле Москванын борборундагы китеп дүкөнүндө сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөдөгү чыгармалар селсаяктар жашоосу тууралуу бандайт. Анда 30дай селсаяктын эмгеги эл сынына коюлган. Иш-чара «Каритас» католиктик кайрымдуулук уюумунун колдоосунда ишке ашты. Cонку мезгилде Орусияда селсаяктар көбөйүп жатат. Андыктан бул көргөзмө бекеринен уюштурулуп жаткан жери жок.

Кирилл аттуу отуз жети жаштагы селсаяк акыркы эки жыл көчөдө калганын айтат. Жубайы каза болгондон кийин ал өзүнүн үйүн сатып, кичирээк баш-паанек тапсамбы деген. Бирок сатып алуучу сызга отургузуп кетип, Кирилл минтип көчөдө калды. Ушу күндөрү ал «Марфино» деген Москвадагы селсаяктар үчүн уюштурулган беш жатаканын биринде кечкисин жай алат. Үйсүз-жайсыз калып көчөдө жүргөн селсаяктарга убактылуу болсо да баш паанек берген мындай жатканаларда кечкисин атайы көркөм ийримдер да уюштурулган. Анда күндүз шаар ичинде курсак кампайтып, жылуулук издеген селсаяктар чыгармачылык менен алектенишет. Бул жерде алар сүрөт тартышып, ичинде болгон бугун, ызасын сыртка чыгарып алганга мүмкүнчүлүк алышат:

-Бул жерге психологиялык жактан абалы оор адамдар чогулушат. Көркөм ийрим убагында алар кыска мөөнөткө болсо да психологиялык тынчтык таба алышат. Биз тентибей, төрт сааттай тынч отурууга мүмкүнчүлүк алабыз. Андан тышкары бул жерде биз алагды болчу нерселер да бар. Эс алып алабыз. Албетте ийрим бүтөөрү менен бизди проблемалар кайрадан муунта баштайт. Бирок төрт саат ичинде бизде кадимкидей максат пайда болуп калат.

Жумасына үч жолу селсаяктар мындай көркөм ийримдерге катышып, психологдун көзөмөлүнөн өтө алышат. “Марфино” жатканасында иш алып барган психолог Мария Хохлова алты жылдан бери селсаяктарга жардам берүү топторун жетектеп келет. Ал селсаяктарга жөн гана психологиялык жактан колдоо көрсөтпөстөн көркөм ийримдерди уюштуруу натыйжалуу болот дейт:

-Көп селсаяктар бир жерге топтолушса, алар агрессивдуу болушу мүмкүн. Анткени алар көптү көрдү. Баардыгынга ыза. Алар менен иштеш оор болот. Мындан биз сүйлөшүү учурунда алардын колу да бирдеме менен алек болуп туруусун түшүндүк. Муну менен алар ызасын басаңдатышат

Селсаяктар үчүн «Марфино” жатаканалары бийлик тарабынан камсыздалганы менен, алар үчүн көркөм ийримдерди уюштуруу Католиктердин кайрымдуулугу менен “Каритас” уюму аркылуу ишке ашат. “Каритас» дүйнөдөгү селсаяктарга колдоо көрсөтө турган эл аралык уюм.

Серепчилер эсебинде Орусияда селсаяктар жылдан жылга көбөйүүдө. Эл аралык Чек арасыз кайрымдуулук даарыгерлер уюмунун маалыматы боюнча Орусияда жалпысынан 4 миллионго жакын селсаяктар бар. “Марфинодо” иштеген психолог Хохлованын пикиринде Москвада эле жок дегенде жүз миң селсаяк бар:

-Москвага көпчүлүк бакыт издеп келишет. Бул жерде чоң акчалар тапса болот деп угуп алышып агылып келгендер көп. Бирок көпчүлүк убакта келгиндердин баары эле жумуш таба алышпай калып атат. Алданып калгандар да бар. Анан калса алар тартип коргоо кызматкерлерине документтерин тарттырып да алышат. Бул өзгөчө жакынкы өлкөлөрдөн келгендерге мүнөздүү маселе. , - дейт психолог Хохлова.

Чындап өлкөдө селсаяктар саны канча экенин так айтуу кыйын. Анткени аларга карата багытталган программалар сейрек. Ошондуктан Москва селсаяктары азырынча Каритас өндүү чет элдик кайрымдуулук уюмдарынын каржылоосуна гана таяна тургандай.

XS
SM
MD
LG