24-январь күнү Баткен облусундагы медицина жаатындагы ишкана мекемелер үчүн өткөн жылдын корутунду жыйыны өттү. Ага саламаттыкты сактоо министрлигинин статс катчысы Касымбек Мамбетов катышты. Жыйында аймактагы медицина жаатындагы көйгөйлөр айтылып, алардын негизин дарыгерлердин айлык акынын аздыгынан ишин таштап кетүүлөрү, медтранспорттордун жетишсиздиги сыяктуу маселелер белгиленди. Облустун аймагында жогорку жана орто билимдүү дарыгерлер болуп 39 адис ишин таштап кеткен. Ошондой эле 2008-жылдын март айынан баштап медицина ишканаларынын жетекчилери өкмөт менен бир жылдык контрактык негизде иштей башташат. Бул тууралуу "Азаттыка" Саламаттыкты сактоо минстрилигинин статс-катчысы Касымбек Мамбетов билдирди. (SA)