Тараптардын сүйлөшүүсүнө ортомчу болгон БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан бул жолугушууну “жакшы жышаан” деп сыпаттады. 27-декабрда оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиргенде, өлкөдө баш аламандыктар орун алып, 600дөн ашуун адам набыт болуп, 250 миң адам турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болгон.
Президенттик шайлоодон кийин жаңжалдашып жаткан Кениянын президенти Мваи Кибаки менен оппозиция лидери Райл Одинга жолугушту