Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

ООГАНСТАНДЫН ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕБИ?


Элен Куленбекова, Прага Ооганстанда он жылдап созулган согуш өлкөнүн байыркы тарыхый мурасынын таш талканын чыгаргандай эле кылды. Өлкөдөгү тарыхый жактан баалуу көптөгөн маданий мурастар кыйрандылар астында калды. Анткен менен учурда мекенинен тыш жүргөн бир оогандык урандылардан миңге жакын тарыхый экспонаттардан турган өз коллекциясын топтогон. Бул экспонаттардын кээ бири өзүнө миң жылдык тарыхты да камтыйт экен. Бирок Ооганстандын өзүндө бул табылгаларды элге алып чыгуу жана аларды жайгаштыруу үчүн жаңыдан музей куруу демилгеси азыр тоскоолдука кептелип турат. Себеби өлкөнүн маалымат жана маданият министри буга уруксат бербей жатат.

Антикварлар боюнча атайы адистиги деле жок Ахмат Шах Султани өзүн «Ооганстан маданий мурасынын куткаруучусумун» деп эсептейт. Ал мындан отуз жыл мурун өспүрүм кезинде эле өлкөдөн сыртка чыгып, Пакистан, Лондондо ооган антикварларын сатып бар тапкан. Бул өлкөлөрдө ооган антикварлары боюнча эксперт болгон Султани кийинчээрек Европа, Иран, Пакистан, Араб Эмираттарынан он беш миңдей экспонат жыйнаган. Буга анын миллиондогон доллар акчасы кеткен:

Мен бул табылгаларыма чындап баа бере албайм. Канча чогултканымды эле билем. Мунун баары байыркы эмеспи. Андыктан аны эч бир акча менен өлчөөгө болбойт.

Султанинин бул экспонаттарды мекенине кайтаруу аракети азыр оңунан чыкпай турат. Анткени ооган Маалымат жана маданият министрлиги бул тарыхый баалулуктарды Гераттагы тарыхый чептерде көрсөтүүгө каршы чыгууда.

2005-жылы Султани өз коллекциясынан үч миңдей экспонатты Кабулдагы Улуттук галереяга койгондо ушул эле министрликтин аткаминерлери анын ооган маданиятын сактоого жасаган бул аракетин мактоого алган.

Министрлик ошондой эле Султанинин экпонаттарды Ооганстанга кайруу жана бул үчүн музей куруу демилгелерин колдогон болчу. Ошол мезгилде Султани өзү топтогон экспонаттардан Кабулдагы Улуттук галереяга кайтарганы да бар.

Бирок 2006-жылдан тарта Маалымат жана маданият министрлигин Абдул Карим Хорам жетектей баштаганы Султани менен Кабулдун ортосундагы мамилеси сууду. Буга маданият министри Хорамдын Герат губернатору Саяд Хусайн Анваринин шаардагы байыркы чептердин биринде Султани жыйнаган экспонаттарды коюу чечимин жокко чыгарганы себеп болду.

Хорам өкмөт ЮНЕСКОго Гераттагы чептерди дүйнөлүк мурас катары каттатуу аракетин жасап жатканын билдирет. Анын айтымында эгер Султанинин менчиги деп эсептелген тарыхый эстеликтер чептерге коюула турган болсо өкмөттүн бул аракети ишке ашпай калышы мүмкүн.

Хорам ооган маданиятынын талкаланышына балким Султанинин салымы бар деп да эсептейт. Анткени ал улуттук мурасты талап-тоноого баргандарга колдоо көрсөтүп, алар менен байланышка барган:

-Мен дагы бир жолу кайталайм. Биз бул мырза ким экенин жана эмне кылып бул экспонаттарга ээлик болгонун билбейбиз. Кабулда көрсөткөнгө үлгүргөн экспонаттарды кайдан тапканын да билбейбиз.

Мындай сөзгө ачууланган Гераттын губернатору Анвари тескерисинче, Ооганстандын талкаланышына маданият министринин катышы бар деп эсептейт. Анткени Хорам Хизб-и-Ислами фундаменталдык кыймылына мүчө.

Айтоор, Ооганстанда азыр талаш-тартыш күчөп, тарыхый эстеликтер маселеси чечилбей эле эле бири-бирин айыптагандар арбын.

Согуш жана тынчтык институнун ооган кызматынын директору Жейн Маккензи бул талаш-тартыштардын түбү барып баягы эле этникалык араздашууга такалып жатканын айтат. Анткени Герат губернатору менен маданият министри ар башка этникалык топторго таандык адамдар.

Ал арада Султани эми президент Карзай өзү суранса да Ооганстанда музей куруу ниетинен кайтып жатат.
XS
SM
MD
LG