Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

14:37 К. Бакиев: Эл аралык соода индикатору боюнча Кыргызстан 178 өлкөнүн 177-орунунда турат


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн өткөн Инвестициялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди. Отурумда белгиленгенге караганда, Кыргызстандын ишкерлеринде жаңычылдык сезилбей жатат. Натыйжада инвестиция тартуу, ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечкиндүү аракеттер жасалган жери жок. Ошондуктан, отурумда мыйзамды аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүү тапшырылды. Ошондой эле отурум курулуш маселесин талкуулап, курулуш технологиялары артта калганын белгиледи. Курулуш агенттигинин жаңы жетекчилигине курулушка уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөштүрүү, курулуштун сапатын жакшыртууга маани берүү тапшырылды. Бакиев мурдагы жетекчи Ишенбай Кадырбековдун кызматтан кетишин ушул өксүк менен байланыштырды. Инвестициялык кеңеш 9-ноябрдагы отурумдун чечимдерин талкуулады. (BuS)

XS
SM
MD
LG