Мындай талабын Оштогу “Акыйкат, сот, чындык” бейөкмөт уюмунун директору Равшан Гапиров бүгүн “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтышынча, Кыргызстандын түштүк баш калаасы быйылкы кышта жылуулукка жарыган жок, электр энергиясы да үзгүлтүккө учурады. Укук коргоочу ошол себептүү өлкө башчысы Бакиевге кайрылуу жолдоп, Ош шаар мэри Жумадыл Исаковду жумуштан алууну талап кылгандыгын билдирди. Мэр Жумадыл Исаков бей өкмөт уюм жетекчисинин талабы жүйөөсүз деп четке кагып, быйылкы кышта шаардыктар анча-мынча гана кыйналгандыгын белгиледи. (АТо)