Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

12:15 Жарандык лидерлер дүйшөмбүдө юстиция министрлигинин алдында пикет өткөргөнү жатышат


Бул тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди. Укук коргоочунун айтымында пикет Ысыккөл облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Болотбек Сопуевдин укугун коргоо максатын көздөйт. Жума күнү өткөн министрликтин коллегиясында министр Марат Кайыпов Ысыккөл башкармалыгынын башчысын шаар кеңештин нааразылык акцияларын өткөрүүнү чектөө боюнча токтомун каттабай койгондугу үчүн сындаган. Министрдин айтымында, токтом жарандардын акция өткөрүшүнө шарт түзүп берип жатат Бир эле мазмундагы токтомго эки аймакта эки башка чечим чыгышын министр натура деп эсептеген. Нааразылык акцияларын өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча Каракол шаар кеңешинин токтомунан мурда кабыл алынган Бишкек шаар кеңешинин токтомун юстициянын Бишкек шаардык башкармалыгы каттоодон өткөргөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG