Иранда өлкөнүн мурдагы эки президенти менен парламенттин мурдагы төрагасы өлкөнүн диний лидери аятолла Али Хаманейиге, реформачыл жана байистүү талапкерлер алдыдагы парламентик шайлого катышуусуна жол берүүнү өтүнүп кайрыла турган болду. Анткени Көзөмөл кеңеши реформачыл күчтөрдүн талапкерлеринин дээрлик жарымынын шайлоого катышуу укугунан ажыраткан эле. Бул жерде парламентик шайлоо 14-мартта өтөт.