Бүгүнкү жыйынында министрлер Сербия менен соода келишимин түзүү же түзбөө маселесин талкуулашмакчы. Буга каршы чыккан өлкөлөрдүн башында Нидерландия менен Бельгия турууда. Алар оболу Сербия 90-жылдардагы согуш учурундагы босниялык серб генералы, аскерий кылмыштары үчүн айыпталган Ратко Младичти камакка алышы керек деп эсептешет. Ал эми баяндамачылар Сербия менен Евршаркет ортосунда жогорудагыдай келишимдин түзүлүшү президенттик шайлоонун алдыдагы экинчи айлампасында батышчыл президент Борис Тадичтин атаандашы орусиячыл Томислав Николичке караганда мүмкүнчүлүгүн жогорулатышы ыктымал экенин белгилешүүдө.