Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

БАКУ-ЛОНДОН ТЕМИР ЖОЛ КАТТАМЫ МҮМКҮН БОЛОТ


Астанада Түркология борбору ачылган жатат. Баку-Лондон темир-жол каттамы ишке ашат.

Казакстан Астанада эл аралык Түркология борборун ачканы жатат. Мындай маалымат Түркияда чыгуучу ZAMAN гезитинде жарыяланды. Анда жазылышына ылайык, бул тууралуу билдирген Казакстандын билим министири Жансейит Түмөнбаев Астанадагы Лев Гумилев атындагы Евразия Мамлекеттик университетиндеги “Эски түрк эстеликтери: Руханий мурасыбыз” деп аталган көргөзмөнүн ачылышында айткан сөзүндө Астанада Түркология
конференциясын уюштуруу маселеси дагы күн тартибинде экенин баяндаган.

Financial Times гезитинин Ишембидеги санында Азербайжан тууралуу көлөмдүү бир макала жарыяландып анда, Баку менен Түркиянын Карс калаасы ортосунда эмки жылдын соңуна карата бүтүүсү пландалган темир-жибек жол долбоору ишке ашканда бул аймактык байланыштарга жаңыча дем берип, поезд аркылуу Бакудан Лондонго үзгүлтүксүз темир-жол каттамы мүмкүн боло турганы билдирилет. 600 миллион доллардык долбоордун чегинде Азербайжан жана Грузиянын жериндеги советтик доордон калган темир жол багыты кайра оңдоп чыгылып, Түркиянын жеринде 100 чакырымдык темир жол жана Босфор кысыгында деңиз астынан өткөн туннел салынып жатканы белгиленген макалада жазылышына ылайык, өзүнүн жерин кыйгап өткөн себептүү бул темир жол долбооруна бир гана Армения каршылык билдирүүдө.

Jane's Intelligence Review аталышындагы журналдын интернет баракчасында жарыяланган көлөмдүү бир макалада Түркмөнстандагы саясий жана коомдук абалга талдоо жасалган. “2006- жылдын декабр айында Сапармурад Туркменбашы кайтыш болгон кезде көптөгөн байкоочулар Түркмөнистанда туруктуулук бүлгүнгө учурап чоң капсалаң келип чыгарын болжошкон эле. Бирок анын ордуна президенттик орунга олтурган Гурбанкулы Бердимухаммедов тескерисинче өлкөдө тизгинди бекем кармап, коопсуздук күчтөрүн көзөмөлгө алды жана өзүнө каршы болуусу мүмкүн чөйрөлөрдү тазалап Ниязовдун доорунан калган аткаминерлерди өзүнө берилген кишилер менен алмаштырып алды” деп көрсөтүлөт макалада.

Eurasia VИew аталган интернет баракчасында ушул күндөрдө Борбор Азия аймагына сапар тарта турган АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командованиесинин төрагасы адмирал Виллиам Фаллондун Өзбекстанга да тийип өтө турганы билдирилип, бул саякаттын АКШ менен Өзбекстандын ара байланыштарына тийчү таасирлери талкууга алынган. Геосаясат жана энергетиканын коопсуздугу жаатынан Өзбекстандын маанисине басым жасалган макалада, 2005- жылдагы Анжиян капсалаңы менен байланыштуу Вашингтондун Ташкенге дистансия коюшу бул өлкөнү Росия жана Кытайга жакындаштырып жибергени, эң эле маанилүүсү Ташкен Москва менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин түзүп ошол эле кезде ШКУга мүчө болуп киргени эске салынат.


Аким Өзгөн, Түркия
XS
SM
MD
LG