Жогорку Кеңештин имаратынын эшиктеринин жанында турган жеринен “Мен ишенбейм..” акциясына катышып жаткан 12 улан-кызды милиция кармап, Биринчи Май РИИБнө алып келди. Акциянын катышуучуларынын бири Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда жаштардын ар бирин тергөөчүлөргө бөлүштүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. (ZKo)