Бул тууралуу ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында иш сапары менен жүргөн маалында өкмөт башчы Игорь Чудинов Орусия өкмөт жетекчиси Виктор Зубков менен болгон жолугушуусунда билдирди. В. Зубков: “Биз Кыргызстан менен мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөнү пландаштырып жатабыз. Биз нефтегаз, геология жана соода чөйрөлөрүндө биргелешкен кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди. Ал эми И. Чудинов өз кезегинде быйылкы жылы өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүү 1,2 млрд АКШ долларына жеткенгдигин белгилеп: “Бизде бул көрсөткүчтү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар жана биз ушул багытта бардык күч аракетти жумшайбыз. Биз Кыргызстандын эки аймагында газды чалгындап жана казып алууга "Газпромго" үмүтүбүз чоң”, – деп кошумчалады. (ESu)
13:55 И. Чудинов: «Газпром» Кыргызстандын кен чыккан жерлерин иштетүүгө лицензия алып, мартта геологиялык чалгындоо иштерин баштай алат