Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

17:15 Үй-жайсыз, көчөдө калган адамдардын абалын талкуулаган тегерек үстөл болуп өттү


Ага укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери катышты, Анда үй-жайсыз көчөдө калган жарандарды адам укуктарына жооп берген талаптарга төп келген реабилитациялык борборлордун зарылдыгы белгиленди. Тегерек үстөлдө укук коргоочулар менен милиция кызматкерлери кайым айтышууга чейин барды. Адам укугун коргоочулар күч кызматкерлери тарабынан документи жок деген себеп менен үй-жайы, үй-бүлөсү бар адамдар да камалууда, деген тынчсызданууларын билдиришти. Үй-жайсыз адамдарды эркинен сырткары алпарып камап, кылмыш кылды деп шектелгендер менен катар камап жаткандыгына нааразы болгон укук коргоочулар БУУнун алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссияга кайрылуу жолдой турган болушту.
Өткөн жумада Бишкек шаардык ИИБнын атайын жүргүзгөн “Селсаяк” операциясынын натыйжасында 1627 үй-жайсыз, көчөдө калган адамдар милициянын бөлүмдөрүнө апкелинген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG