Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:52

17:57 Алайкуу өрөөнүндө 16 миңден ашуун түтүн жутка кабылуу коркунучунда турат


Бул жөнүндө “Азаттыкка” Алайкуу айыл өкмөт башчысы Нуркамил Гөпөев кабарлады. Анын айтымында, бул аймакка өкмөттүк резервден түшкөн 50 килолук бир чыпта ун 920 сомдон сатылууда. Ал эми бир автоунаа чөптүн баасы 18 миң сомго көтөрүлдү. Жергиликтүү бей өкмөт уюмдун өкүлү Сагынбай Пазылов быйыл жалаң кургакчылык өкүм сүргөндүктөн тоют камтоо жана эгинден түшүм жыйноо Алайкууда олуттуу көйгөйгө айлангандыгын, облустук борбордон 220, райборбордон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан өрөөнгө өкмөт жакындан жардамдашпаса акыбал өтө оор болуп жатканын белгиледи. (UA)

XS
SM
MD
LG