АКШ мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Британиялык саясий ишкер Пэдди Ашдаун БУУнун Ооганстандагы өкүлү кызматынан баш тартканына өкүнүчүн билдирди. Кондализа Райс Ашдаун Ооганстанды реконструкциялоо жаатындагы Эл аралык көмөктөрдө мыкты кызмат өтөмөк деди. Ашдаун БУУнун Ооганстандагы өкүлү кызматына талапкердигин өзү алып салган. Мындай кадамды ал Ооган президенти Хамид Карзайдан жетиштүү колдоо таппаганы менен түшүндүргөн.