Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

17:50 Нарын шаарында дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөйлүү маселе болууда


Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясынын сектор башчысы Гүлмира Султаналиевадан алынды. Нарын шаарында расмий түрдө 42 миңден ашуун жашоочуларды 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана бир үй-бүлөлүк медициналык борбор тейлейт. Учурда Нарын шаары дарыгерлер менен 90 пайыз камсыз болсо, алардын 70 пайыздан ашууну пенсия курагындагылар. Өткөн жылы 5 дарыгер жумуштан таптакыр бошонуп кеткен. “Жаш дарыгерлер депозити” программасы айыл жергесинде иштеп, кичи шаарларда жок болгондуктан, акыркы эки жылдан бери Нарын шаарына бир дагы жогорку билимдүү дарыгер келе элек. Анын натыйжасында шаарга нарколог, кардиолог, онколог жокко эсе, эки имараты авариялык абалда. (JI)

XS
SM
MD
LG