Британиянын баш калаасындагы жыйынга Европа комиссиясынын президенти Хозе Мануэл Бароссо да катышат. Гордон Браундун маалымат катчысына ылайык, чогулгандар дүйнөлүк финансы базарларынын туруктуулугун кепилдөөгө ким кандай салым кошо алаарын сөз кылышмакчы. Мунун алдында Браун учурдагы финансылык кыйсыпырды экономикалык реформаларды күч алдырууга жана дүйнөлүк финансы базарларын бекемдөөгө колдонуу тууралуу өз ойлорун ортого салган эле.
"Файненшил таймc" гезитине жазган макаласында Браун өткөн аптада Давосто болгон Дүйнөлүк экономикалык форумдун катышуучулары да глобалдык экономика 10 жылдан ашык убакыттагы эң бир татаал мезгилди башынан өткөрүп жаткандыгын моюнга алышканын белгиледи.
Өз макаласында Браун банктардын инвестициясынын айрым түрлөрүндө маалымдуулукту күч алдырууну да сунуш этти. Белгилүү болгондой, жакында Франциянын эң ири экинчи банкы Сосиете Женерал, өз далдалчысынын операцияларынын айынан 7 миллиард доллардан ашык суммага чыгым болду.
Ал эми Британияда АКШдагы финансылык кризистен улам кыйроо коркунучуна туш келген Англиянын Түндүк Аска банкын сактап калуу үчүн, өкмөт ага карыз берген. Бул кийлигишүүнү өкмөт башчысы өткөн аптада Индияга барганда мындайча түшүндүрдү:
- Түндүк Аска банкынын ишине кийлигишкенибиздин жалгыз себеби британ экономикасынын туруктуулугун кепилдешибиз керек болду. Өткөн август айында бул банкта көйгөйлөр ачыкка чыкканда, ал бүт экономикага салакасын тийгизет деп чогулаганбыз. Ошондуктан, өкмөт депозиттерди жана аманаттарды коргоочу чараларды көрдү.
"Файненшиэл Таймстагы" комментарийинде Британиянын өкмөт башчысы ошондой эле Эл аралык Валюта кору өз алдынчараак болуп, дүйнөлүк коомчулук финансы кризисин алдын алуучу эскертүү системасын иштеп чыкса, деги эле биргелешип иш алып барса, жакшы болот эле" деген тилегин айтты.
Браун мындан тышкары бүжет, салык жаатында үстөк пайызга жана инфляцияга байланыштуу өкмөт өзүнүн акча саясатын чечкиндүү жүргүзүшү керек деп эсептейт.
Мындан тышкары, Браундун пикиринде, бардык өлкөлөр импортко тариф киргизүү сыяктуу ички базарды коргоочу чараларга жол бергени туура эмес. "Анын ордуна, - деп кеңеш берет британ премьери, - өкмөттөр 'глобализация коркунуч эмес, мүмкүнчүлүк' деген концепцияга таянып, эркин соода сасясатын аркалашы максатка ылайык болмокчу.
Жаңыл Жусубжан, Прага