Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

БАНКТЫН БАРКЫ МЕНЕН БААСЫ


“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы менен Социалдык фонд ортодогу талаштуу маселени мунасага келип чечүү тууралуу келишим түзүшкөн. Бирок ага “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын убактылуу жетекчиси кол койбой, маселенин чечилиши создугуп баратат. Банктын тагдыры, анын ишин убактылуу токтотууну узартуу же алып салуу маселеси Улуттук банктын бүгүнкү жыйынында талкууланмакчы. Кечээ Улуттук банк “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы анын беделине шек келтирген маалыматтарды таратып жатканын билдирип, мындай аракетин токтотпосо сотко кайрыла тургандыгын жарыялады.

Угармандарга “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын айланасындагы талаштуу маселенин чоо-жайы жадыбалдай жат деле болуп калды окшойт. Социалдык фонддун кайрылуусунун негизинде Улуттук банк өткөн жылдын аягында 31-декабрдан тарта “Кыргызөнөржайкурулушка” тике көзөмөл киргизсе, 11-январдын кечинде ошол эле Социалдык фонддун сотко берилген доо-арызына ылайык банктын ишин башкарууну утурумдук жетекчиге өткөрүп берген.

Талаштуу маселе 23-январда Бишкектин райондор ортолук сотунда териштирилмек. Бирок ал кийинкиге жылдырылып 25-январда тараптар талашты мунаса менен чече тургандыгын билдиришти. Мыйзам тартибине ылайык мунаса келишимге банктын утурумдук жетекчиси, банктарды кайра түзүү жана карыздарын кайтаруу агенттигинин директору Эрнис Станбеков да кол коюшу керек эле. Эмнеликтен келишимге кол койбой жатышын жөн-жайын Э.Станбеков мындайча түшүндүрдү.

- Социалдык фондго 700 миллион ашуун сом аласа экенин ырастап, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчилиги пенсионерлердин акчасын бөлүп-бөлүп бермекчи болууда. Бул акчаны 3-мартка чейин төлөп беришмекчи. Келишимде ошондой эле банктын башка кардарларына караганда Социалдык фонддун аласасын биринчи иретте төлөп берүү жагы көрсөтүлгөн. Айта кетишим керек, акча баарына жетпейт.

Банктын утурумдук жетекчисинин алдагыдай бүтүмү чындыктан атчабым алыс экенин “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы акционердик коомунун жетекчиси Жумаш Сыдыков журналисттер алдында жарыя кылды.

- Бизде бүгүнкү күндө 1 миллиард сом өзүбүздүн банктын акчасы турат. Кредиттик салымдар деп коебуз, андан тышкары, негизги каражаттар деп коебуз, мындан сырткары. 1 миллиард сом. Бул акча банктын милдеттенмесинин 60% ашуунун түзөт. Бүгүнкү күндө биз укуктук жактарга талап кылган акчаларын эч чектебей эле төлөп берели деген маселени коюп жатабыз. Бирок ага болбой, “биз чектейбиз, силер Социалдык фонд менен келишим түзүп жатасыңар, акчаны Соцфондго берип коесуңар”, деген ойлор кетип, ошонун аркасынан болуп жатат.

Ал эми Э.Станбеков “Кыргызөнөржайкурулуш” банкында учурда укуктук жактардын акчалары төлөнбөй токтотулуп турганын маалымдап, бул иштин артында эч кандай саясий себеп жоктугун билдирди.

- Болуп жаткандар жөнүндө менин бир эле түшүндүрмөм бар. Кайсы бирөөлөр деп көрсөтпөй эле коеюн, кимдир бирөөлөргө ушинтип чуу көтөрүү , кайраштыруу керек болууда. Андай маанай утурумдук башкарууну узартуу же токтотуу маселеси чечилгенче эл ичинде, банктар ортосунда болуп турушуна деле кимдир бирөөлөр кызыкдар.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы акционердик коомунун жетекчиси Жумаш Сыдыковдун айтуусунда, Улуттук банктын 22-январдагы жыйынында Э.Станбеков банк өз алдынча иштей алардыгын, аны сырттан башкаруунун кажаты жоктугун билдирген.

- Бирок Улуттук банк ал отчетту акырына чейин чыгарылган жок деген мотив албай, кайрадан башка көз карандысыз аудиттен өтсүн деген өзүнүн оюн айткан. Ошонун негизинде бул жүрүп жаткан иш, утурумдук башкарууну (консервацияны) дагы жылдырабыз деген ойго келип жатат,- дейт Ж.Сыдыков.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчилиги жеке жана укуктук жактардан чогулган аласа-бересесин кайтарууга кудурети жетерин маалымдоодо. Кечээ Улуттук банк “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы ал тууралуу так эмес маалыматтарды таратканын, анысын жокко чыгарбаса сотко кайрыла тургандыгын жарыялады. Улуттук банк жалган маалыматтарды жарыя кылуу “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын айланасындагы талаштуу маселени оңунан чечилишине тоскоол болгондон башкага жарабай тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG