Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

КЫМБАТЧЫЛЫК КАЙДАН ЧЫКТЫ? БААЛАР КАЧАН ТҮШӨТ?


Дүйнөдөгү фондулук биржалардагы баалуу кагаздардын арзандашы инвесторлорго глобалдык финансылык кризис жакындап жатканынан кабар берсе, карапайым калк азык-түлүккө болгон баанын кымбатташынан бул кризисти жон териси менен сезе баштады. Сонку мезгилде дүйнөнүн бардык бөлүгүндө кымбатчылык байкалууда. Өзгөчө азыктарга, айталы ун, май, сүт, этке болгон баа кескин көтөрүлүп кетти.Деги бул кымбатчылык эмнеден чыкты?

Нанга болгон баанын көтөрүлүшүнүн негизги себебин экономисттер Америкага шылтап жатышат. Анткени АКШ президенти Жордж Буш 2006-жылы мунайга карата альтернатива катары жүгөрүдөн жасалуучу күйүүчү майды өлкөдө төрт эсеге көп өндүрүүгө көрсөтмө берген. АКШ ошондой эле эгин рыногунда дүйнөдө үстөмдүк кылып, өлкөдө өндүрүлгөн дан түшүмүнүн жетимиш пайызы башка мамлекеттерге экспорттолот.

Дан эгиндеринен биотун өндүрүү бул демилгеси нанга эле эмес башка азыктарга болгон бааны да көтөргөн шекилдүү.Анткени дыйкандар жүгөрү бүгүнкү күнү баада экенин илип алышып, башка дан көп айдашпады.

Анан калса экономикасы укмуштуудай тездик менен өнүгүп жаткан Кытай менен Индияда быйыл азык-түлүккө болгон керектөө өстү. Бул себептен Берлинден баштап Бишкекке чейинки мейкиндиктеги кардарлар нанды былтыркыдан эки эсеге кымбат сатып ала башташты.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун адиси Абдулреза Аббаззиан деги бул кымбатчылык качан токтойт деген суроого мындай дейт:

"Экономика төмөндөсө мунайдын арзандашына алып келиши мүмкүн. Бул өз кезегинде биотунга болгон талапты азайтышы мүмкүн. Ушундан улам айыл-чарба продуктыларына болгон акы да арзандамак."

Анын бул өнүттөн дагы бир жоромолу бар. Ага ылайык жакынкы келечекте баалар ушул бойдон калып, же дагы жогорулашы мүмкүн.

Соңку мезгилде глобалдык экономикалык кризис болот дегенденби, айтор, Кытайда темирге жана башка сыръелорго болгон талап азайды. Кытай жүк ташуучу кемелердин кызматын да аз пайдалана баштады. Кандай таң калыштуу болбосун бул Американын жүгөрүсүнө болгон талапты көтөрүшү мүмкүн.Кантип? деген суроо пайда болушу мүмкүн.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун адиси Абдулреза Аббаззиан аны мындай түшүндүрөт:

"Бизде азыр жүк ташуунун наркы ансыз да абдан эле төмөндөп кетти.Сонку эки жылдагыга салыштырмалуу жүк ташуунун баасы үч эсеге түштү.Акыркы күндөрү баалар дагы кескин төмөндөдү. Бул 1985-жылдан берки эң кескин төмөндөө болуп калды. Азыркы абал балким керектөөнү көбөйтөт. АКШнын айыл-чарба продуктылары алымдуу боло башташы да ыктымал. Анткени ал продукцияларды алып келүү, жүк ташуу арзан болуп калды."

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба адисинин божомолунда жакынкы айларда арзанчылык болбойт.

Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG