Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

АКШ НАТО боюнча европалык өнөктөштөрүнө Ооганстандын түштүгүнө кошумча аскер жиберүү талабын койгону жатат


АКШ НАТО боюнча европалык өнөктөштөрүнө Ооганстандын түштүгүнө кошумча аскер жиберүү талабын койгону жатат. Бирок, Пентагондун маалымат катчысы Жеф Морел Вашингтон өзү аскер күчтөрүн көбөйтпөй тургандыгын билдирди. АКШнын азыр Ооганстанда 29 миң жоокери бар жана ушул айдын башында бул өлкөгө дагы 3200 деңиз аскери жиберилээри маалымдалган. Ооганстандын кооптуу түштүк аймагында 2,5 миң аскери бар Канаданын премьер министри Стивен Харпер кечээ НАТО кошумча күч жөнөтпөсө өз аскерлерин алып кетерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG