Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

10:41 «Мен ишенбейм…» кыймылынын мүчөлөрүнө карата сот иши каралууда


Биринчи май райондук соту кечээ баштаган административдик иш боюнча отурумда кыймылдын мүчөсү Жибек Исмаилованы нааразылык акцияларын өткөрүү тартибин бузду деп 1000 сом айып салды. Ал эми аталаган акциянын дагы бир катышуучусу Мирсулжан Намазалиевге байланышкан сот иши каралып бүттү. Ага мыйзамга баш ийген жок жана нааразылык акцияларын өткөрүү тартибин бузду деген кине коюлуп, административдик кодекстин 371 жана 392 беренелери боюнча жоопко тартылды. Ага ылайык 2000 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. М. Намазалиевдин айтымында сот акыйкатсыздык менен өтүп жатат. “Ишти Ирина Воронцова деген Биринчи май райондук сотунун судьясы караштырып жатат. Ал бизге жыйынтыктоочу сөз бербей эле өкүм чыгарды. Конституциялык укугубуздан, шаардык кеңештин токтомун жогору коюп жатышат”, - деп билдирди М. Намазалиев. Азыркы тапта “Мен ишенбейм…” кыймылынын катышуучусу Сүйүнаалы уулу Адилеттин үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Андан кийин Азамат Мусакуловдун иши каралаары күтүлүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG