Партия бүгүн тараткан билдирүүдө, «Мен ишенбеймин..» акциясынын катышуучуларын куугунтуктоо Кыргызстандын адам укуктары боюнча алган милдеттенмелерин аткарбоосунун далили катары көрсөтүлгөн. "Парламенттик шайлоодо жана референдум учурундагы мыйзам бузуулар демократиядан чегинүү экенин көрсөттү. Азыркы бийлик тушунда Кыргызстандын укуктук жолго түшүүсүнө ишенбейбиз," деп белгиленген билдирүүдө. «Ата мекен» партиясы адам укуктарынын бузулушу боюнча БУУга жазылган катты колдоорун жана жаш атуулдарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган. (AiT)