НАТО Канаданы Ооганстандын Кандагар провинциясындагы аскер күчтөрүн алып кетпөөгө үндөп, өнөктөштөрдөн кошумча миң аскер жөнөтүүгө милдеттенди. Расмий Оттава 2009-жылга чейин калуунун ушундай шартын койгон. НАТО өкүлү Жеймс Аппатрейдин (Appathurai) маалыматына караганда, Канаданын талабын НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери келерки аптада Литванын башкалаасы Вилнюстагы жолугушууда талкуулашат. Канада НАТО кошумча күч бербесе өзүнүн 2,5 миң аскерин Ооганстандан алып кетерин эскерткен. Канадалыктар өтө кооптуу саналган Кандагар аймагында талибдерге каршы күрөшкө кошумча миң аскердин, ага кошуп, тик учмалар жана байкоо жүргүзүүчү аскерий учактар берилиши керек деп жатышат.