Бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматовдун билдирүүсүнө караганда, бажы төлөмдөрү 15 жыл мурда чыгарылган жана кубаты 3 миң кубдан ашкан автоунааларга көбөйтүлөт. Тийиштүү токтом долбоору учурда макулдашуудан өтүүдө,-деп белгиледи Акматов. Буга чейин 15 жыл мурун чыгарылган автоунаалардын кубунан 0.4 доллар алынса, эми 1.5 доллар, ал эми күчтүү автоунаалардан 1.2 доллар алынса, эми 1.85 доллар алынаары болжолдонууда. (AiT)