Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан алты киши мерт болду


Ооганстандын Гелманд провинциясындагы жанкечтинин жардыруусунан алты киши мерт болуп, бир канча киши жарадар болду. Мерт болгондор арасында өлкөнүн депутаты Пир Мухаммеддин да бар экендиги айтылууда. Жардыруу Лашкар Гах шаарында орун алды. Буга чейин Кабулдун өзүндө мина менен дүрмөттөлгөн машине жардырылып, андан бир адам мерт кетип, төртөө жарадар болгону кабарланган. Бул жардырууга жоопкерчиликти талиптер өзүнө алышкан эле.

XS
SM
MD
LG