Бишкектеги борбордук эски аянтта айт намаздарга тыюу салуу Конституцияга да, мыйзамдарга да каршы келет деп билдирди кечээ «Акыйкат үчүн» кыймылы. Билдирүүдө кыймыл мусулмандар өздөрү коопсуздукка жана кандайдыр бир тартипсиздикке буга чейин эле жол бербей келишкенин белгилеп, бул диний каада жаштарды тарбиялоого олуттуу таасир этери эскертилген. Ошондой эле кыймыл тартип коргоо кызматтарын мыйзамды бузбоого, жарандардын динге ишенүү эркиндигине каршылык көрсөтпөөгө чакырган. (BuS)