Ош шаардык соту адвокат Саидкамол Ахмедовду шарттуу үч жылга эркинен ажыратып, 5 миң сом айып салды. Ага алдамчылык кылды, документ жасады деген айып тагылды. Адвокат жана укук коргоочу Саидкамол Ахмедовго БУУнун Алматы өкүлчүлүгү качкын макамын алууга укуктуу деп тапкан. Ахмедовду өзбек бийлиги өткөн жылдын сентябрында Ташкенде кармап, Ош облустук тартип коргоо кызматына 25-декабрда өткөрүп берген. (BuS)