Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

"Ал-каиданын" Ооганстандагы кол башчыларынын бири Абу Лейт ал-Либи өлтүрүлдү


"Ал-каиданын" Ооганстандагы операцияларга жетекчилик кылган кол башчыларынын бири Абу Лейт ал-Либи, маалыматтарга караганда, өлтүрүлдү. АКШнын расмий өкүлү ал америкалык учкучу жок учак ушул апта башы жасаган ракеталык соккудан мерт болушу мүмкүндүгүн билдирген. Анда Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазирстан чөлкөмүнөн 13 согушкер каза тапкан эле. Абу Лейт ал-Либи башка согушкер жолдоштору менен бирге шейит кеткенин "ал-Каидага" байланышы бар интернет сайт кабарлады. Ал эми Пакистан бийликтери бул боюнча азырынча маалыматы жок экенин билдиришти. Кабарларга караганда, Абу Лейт ал-Либи "ал-Каиданын" эң башкы жетекчилеринин бири катары эсептелчү. Уюмдун бир катар видео кайрылууларында чыгып жүргөн.

Былтыр февралда АКШ вице-президенти Дик Чейни Ооганстанга келген учурда, Баграм аскердик базасынын сыртында жанкечти жасаган жардыруудан 23адам каза тапкан эле. Америкалык расмий өкүлдөрү Абу Лейт ал-Либинин ушул жардырууга тиешеси бардыгын айтышкан.

XS
SM
MD
LG