Бул тууралуу алар бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Нааразылык билдиргендердин айтымында, Мелис Эшимкановдун көрсөтмөсү менен тартип коргоо кызматкерлери УТРКнын имаратында ачкачылык жарыялагандарды күч менен көчөгө сүрүп чыгарышкан. Компаниянын жетекчиси Мелис Эшимканов нааразылык билдиргендер имараттын ичинде эмес, шаар кеңешинин токтомуна ылайык М.Горькийдин эстелигинин жанында акциясын өткөрө беришсин деп кечээ билдирген. (AJ)