Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

18:16 Ош облусунда былтыр 18 миң гектардан ашуун аянт айдалбай калган


Миңдеген гектар жер айдалбай калгандыктан дан азыктар менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Өкмөт төрагасынын биринчи орунбасары Искендербек Айдаралиевдин катышуусу менен өткөн Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин коллегиясында айыл чарба министри Арстанбек Ногоев ушундай маалыматты жарыя кылды. Анын ырастоосуна караганда, күйүүчү заттардын, жер семиркичтердин кымбаттыгынан, суунун тартыштыгынан олчойгон аймак 10 миллион cомдой кирешеден кур жалак калып отурат. Көз карандысыз экономист Эркин Абдразаков “министр Ногоевдин айтканы жөн эле шылтоо, бир укум аянтты кысыр калтырбай өздөштүрүүгө мамлекет акча тапканга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок аны былтыр пайдаланган жок” деп сындады. (АТо)

XS
SM
MD
LG