Ирактын баш калаасындагы армиянын башкы маалымат катчысы генерал Касим ал-Мусавинин айтымында, эл котологон айбанаттар базарларындагы кечээки жардырууларды акыл-эси кем эки аял ишке ашырды. Катчынын сөзү боюнча, аялдар аларды жанкечти жардыруусу үчүн колдонуп жатышканын билбеген болушу мүмкүң. Алардын жанындагы бомбалар аралыктан көзөмөлдөгөн аппараттан жардырылган. Бул жардыруулар Багдаддагы акыркы жарым жылдагы эң каргашалуу чабуул болуп калды.