Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУГУН САКТОО КЕДЕРИНЕ КЕТТИ


Эл аралык “Хюман райтс уоч” уюму Кыргызстандагы 2005-жылдагы түстүү ыңкылаптан кийин адам укугунун сакталышы жаатында орчундуу проблемалар чыгып жатканын билдирди. Укук коргоочу Бакыт Рысбеков Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы боюнча чыгып жаткан маселелер жөнүндө ой-бөлүштү.

- Сиздин баамыңызда бүгүнкү бийликтин адам укугуна болгон мамилеси кандай?

- Менин эле эмес, Кыргызстанда болгон укук коргоочулардын баасы боюнча бизде артка кадам таштагандай болдук адам укуктары боюнча. Бул боюнча мисалдарды келтире кетсек, “Мен ишенбейм” акциянын катышуучуларынын камалышы, соттолушу, айыпка тартылышы. Ошол эле учурда эгерде “Мен ишенбейм” эмес, “Мен ишенем” деген акция чыга турган болсо, биздин бийликтегилер аларды камайт беле, сот жообуна тартат беле. Менимче, алар айыпка тартылбайт эле. Башкача айтканда бийликти сындаган тараптын баарысы тең туура эмес иш кылып жаткан кишилер катары көрсөтүлүп берилет.

- Жакында эле укук коргоочулар дагы Бишкектеги кармап кайра бөлүштүрүү жайында паспорту жок атуулдарды 2-3 күнгө чейин камаган фактыларды айтып чыгышпадыбы, бул жерде адам укугу канчалык деңгээлде бузулду деген суроо туулат?

- Негизинен адам укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясат болуш керек. Адам укугун коргоо маселесинде мамлекеттин өзүнүн ички өсүп-өнүгүүсү жатат. Саясий гана эмес, бул жерде экономика да, маданият да бар. Ал эми сиз айтып аткан кишилердин кармалганы, бул менимче элдерди коркутуп-үркүтөлү деген иш аракетпи, же чындап эле тартипке салалы деген аракетпи? Укуктун чегинен чыккан учурда бул укук бузгандык, эгер укуктун чегинде болсо анда башкача сөз.

- Жакында парламентте айрым депутаттар адам укугу боюнча акыйкатчы институт менен бейөкмөт уюмдар тыгыз иштебейт деген ойлорун айтты. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Айрым учурларда кээ бир бейөкмөт уюмдар менен кызматташып келчү. Таптакыр эле иштебейт деген болбойт. Бирок бул жерде башкача маселе турат. Турсунбай Бакир уулунун бейөкмөттөр боюнча өзүнүн өзгөчө ой-пикири бар эле. Ошол себептүү чындап эле Кыргызстандын келечегин ойлогон, демократияны көздөгөн бейөкмөт уюмдар менен иштеше алышкан жок.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG