Журналисттерди коргоо боюнча эларалык Комитет 2007-жылга карата баяндамасын жарыялады. “Прессага чабуул” деп аталган ал докладда айтылгандай, 2007-жылы жалпысынан дүйнө боюнча 65 журналист киши колдуу болуп өлгөн. Баяндамада ар бир мамлекеттеги журналисттердин абалдарына көңүл бурулган. Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө “Азыркыга чейин мамлекет Борбор Азияда плюрализми өнүккөн жалгыз жумурият бойдон калып жатканы менен, саясий олку-солкунун күчөй бергени өлкөнү бөлүп-жарылууга, кылмыштуу топтордун күчөшүнө алып келди. Жыйынтыгында көз-карандысыз журналистика опурталдуу жумушка айланды” деп айтылат. Ал эми “Интерньюс” коомдук уюмунун жетекчиси бул туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, чын эле Кыргызстанда журналисттердин абалы 2006-жылга салыштырмалуу 2007-жылы кескин начарлап кеткендигин белгиледи. “Мындай докладдарга өлкө бийлиги реакция кылып, чараларды көрбөсө Кыргызстандын дүйнөлүк аренада бедели төмөндөй берет. Ошол эле инвесторлорду алалы, алар бул жакка келүүдөн мурун ушул өңдүү докладдар аркылуу өлкөдөгү кырдаалды изилдеп, анан чечим кабыл алышат да”, - дейт Э. Калматов. (ESu)