Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Сербиядагы шайлоодо президент Борис Тадич жеңди


Шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтарына караганда, батышчыл Тадич добуштардын 51 процентин, атаандашы улутчул Томислав Николич 47 процент чогултту. Тадич бул өнөктүктө Сербия “демократиялык кудуретин” көргөздү деп билдирди. Европа биримдиги шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады. Эки талапкер тең Сербиянын курамындагы Косово провинциясынын эгемендүүлүгүнө каршылыгын билдирип келишкен. Бирок Тадич Брюссель чөлкөмдүн көз карандысыздыгын тааныса, шаркетке мүчө болуп кирүү багытынан тайбай турганын ырастоодо.Албандар үстмөдүк кылган Косовонун жетекчилиги бир тараптуу түрдө эгемендүүлүк тууралуу жарыялоого даярданууда.

XS
SM
MD
LG