Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

«МИҢ ЖЫЛДЫКТЫН ЧАКЫРЫКТАРЫ» КЫРГЫЗСТАНГА ЧАКЫРЫЛАБЫ?


Азыркы кезде Кыргызстан менен АКШ «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул программанын алкагында тартип коргоо органдарын реформалоого Вашингтон 16 миллион доллар грант бөлүүнү караштырган. Бирок Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар өлкө демократиядан тайып баратат деп, программаны токтото туруу өтүнүчү менен АКШга кайрылды.

«Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасын АКШ 2002-жылы жарыялаган. Анын алкагында Кошмо Штаттар КМШ аймагындагы өлкөлөр ичинен Армения жана Грузияга ири өлчөмдө жардам бергени белгилүү. Кыргызстандын бул программага кирүүсүнө аракет 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин жанданып, азыркы кезде тараптардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Бирок өлкөдөгү бир катар өкмөттүк эмес уюмдар программаны аткарууну токтото туруу өтүнүчү менен АКШга кайрылды. Анын себептери тууралуу «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдырасулова буларды билдирди:

Себеби «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасынын өзү Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышын, демократиялык принциптерди, соттордун көз карандысыздыгын күчөтүшкө багытталган. Иш жүзүндө баары тескери кетип жатпайбы . Ошондуктан Кыргызстан демократияга кайра бурулганга чейин программаны токтото турууну укук коргоочулар өтүндүк..

Өкмөттүк эмес уюмдардын кайрылуусу АКШ тарап менен сүйлөшүүлөргө өз таасирин тийгизерин өкмөттүн тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков буларды билдирди:

Эми мындай нерселер терс таасирин тийгизет. Бирок мен айтып кетким келет да, биздин адам укугун коргоочу уюмдар бул программаны колдош керек. Себеби анда биз америкалыктар менен бирге кадимкидей реформаларды сунуш кылып жатабыз. Сотту мындай, ички иштер органдарын мындай реформа кылайлы деп келишимдин өзүндө көрсөтүп жатабыз.

Сапар Исаковдун айтымында, бул келишимдин алкагында тартип коргоо, сот органдарын реформалоого АКШ 16 миллион доллар бөлүүнү караштырган. Бирок сүйлөшүүлөр соңуна чыга элек.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасы боюнча эки мамлекет сүйлөшүү жүргүзүп жатат, ошондуктан өкмөттүк эмес уюмдардын кайрылуусу ага таасирин тийгизбеш керек, деген пикирин билдирди.

Оппозициялык «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, өкмөттүк эмес уюмдардын кайрылуусуна АКШ тарап көңүл бурбайт:

Аны эч ким эсепке албайт. Себеби азыркы кезде американын жетекчилери эптеп-септеп аскерий базаны Кыргызстанда калтырууну көздөп турат. Бул «Миң жылдыктын чакырыктары» программасы негизинен американын базасын Кыргызстанда калтырууга байланышкан. АКШнын мына ушундай кош стандарттуу көз карашына байланыштуу Кыргызстандагы болуп жаткан саясатка көз жумулууда.

Ошентип, Кыргызстан менен АКШ «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Ал кандай аяктаары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG