Мындан эки күн мурун Аламүдүн районунда жашаган бир үйбүлө жана алардын мейманы мештен чыккан ыс газына ууланган. Окуяны иликтөө учурунда ыс таш көмүр жагылган мештен чыкканы жана үйдөгүлөр ошол түнү ичимдик ичкени анык болгон. Массалык түрдө уулангандардын бирөө меш бар үйгө жалгыз жаткандыктан ошол эле күнү каза болуп калган. Калгандары болсо №4 шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Учурда уулангандардын абалы жакшы эмес, бирок уулунун каза болгондугуна байланыштуу алар ооруканадан чыгууга аргасыз болушкан. Мындан бир жума мурун эле Александровка айылындагы дагы бир үйбүлө ыстан ууланып каза тапкан болчу. (JJ)