Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

КАРЖЫ ПОЛИЦИЯСЫ “КУМТӨР” МЕНЕН “ЦЕНТЕРРАГА” КАРШЫ КЫЛМЫШ ИШИН АЧТЫ


Кыргызстандын каржы полициясы “Кумтөр голд” жана “Centerra Gold Inc” компанияларына каршы кылмыш ишин ачып, ага аталган чет өлкөлүк ишканалардын салык төлөбөй келе жаткандыгы негиз берет деп билдиришти. Ал эми “Кумтөр голд” компаниясынын жетекчилиги кылмыш ишин ачууга негиз жоктугун расмий түрдө билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турарбек Масыбаевдин маалыматы боюнча, кылмыш ишин козгоого “Кумтөр голд компани” жана “Центерра голд Инк” ишканаларынын 2003-жылдын аягынан бери салык төлөбөй келе жаткандыгы себеп болду:

“Кумтөр голд” компаниясы алтын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири компаниялардын бири. Анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Кыргызалтын”. “Кумтөр” компаниясы байып, өнүгүп, киреше алып жатат. А “Кыргызалтын” болсо 1992-жылы кандай болсо ошол бойдон эле өнүкпөй, киреше албай турат. Ушул маселени кылмыш ишин козгоп, анан тергеш керек да. Бул биринчи себеп. Экинчи себеби, 2003-жылы бул компанияга финансылык жеңилдик мыйзамсыз берилген. Финансылык жеңилдик берүү үчүн келишим Жогорку Кеңештен ратификацияланыш керек же президенттен уруксаат болуш керек. Бул келишим ратификациядан өтпөстөн эле ошол кездеги премьер-министр Николай Танаев кол коюп, ошонун негизинде жеңилдиктерден пайдаланып келатышкан. Натыйжада, 100 миллион сомго жакын акча бюджетке төлөнбөй калган.

“Кумтөр голд” компаниясынын президенти Андрей Сазанов шейшемби күнү кечинде кылмыш иши ачылгандыгы тууралуу расмий маалыматы жоктугун билдирди. Ал тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Сергей Дедюхин:

- “Кумтөр голд” компаниясына коюлган кандайдыр бир айыптар же тергөө тууралуу эч нерсе белгисиз. Компания салык төлөгөн жок деп айтылып жаткан маалыматтардын бардыгы негизсиз жана кылмыш иши ачылгандыгы жөнүндө расмий маалымат берилген жок. Мындан бир нече ай мурун “Кумтөр голд” компаниясынын 2003, 2004-жылдагы салык төлөөсү боюнча текшерүү жана көз карандысыз иликтөө аяктаган. Анын жыйынтыгы боюнча салык инспекциясы тарабынан эч кандай доомат айтылган эмес.,- деп билдирди.

Мына ушундай эки ачакей билдирүүлөрдүн түпкү максаты эмне экендигин укук коргоочулар менен 1998-жылы Барскоон кырсыгынан жапа чеккен Жети-Өгүз районундагы 5 айылдын тургундарынын демилгелүү тобунун өкүлдөрү түшүнө албай дендароо.

Анткени, алар Жогорку Кеңеш өкмөт менен “Центерра голддун” ортосундагы келишимди ратификациялоодон мурун анын мазмуну эл алдында ачык талкуулансын, 2004-жылы түзүлгөн өнүгүү фондуна аталган ишканалардан канча каражат түшүп, кандай сарпталып жаткандыгы ачык айтылсын жана кен байлыктарын менчикке берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору ачык талкуулансын деген талаптар менен президент, өкмөт башчы жана депутаттар менен жолугуу үчүн келишкен.

Алардын талабын колдоп жүргөн “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өкмөт “Центерра голд” ишканасы менен түзүлгөн келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялар алдында кылмыш иши козголду деген чуу чыгара коюп, келишимдин артында кандай максаттар турганын жашырган жатат дейт:

-Каржы полициясы же башкалар дайыма ушундай бир демилгелер менен чыгышат. Алар Кумтөргө каршы чыгымыш болуп туруп, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат.

Укук коргоочулар гана эмес саясатчылар да каржы полициясынын 2003-жылдан бери төлөнбөгөн салыкты төрт жылдан кийин байкагандарына айран таң.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланган депутаты Кубанычбек Исабеков мунун артында жеке же экономикалык кызыкчылык болушу мүмкүн, бирок парламент аны өкмөт башчы менен бирге талкуулагандан кийин гана бир чечимге келет дейт:

- Бул жерде экономикалык саясат болушу мүмкүн же кээ бири тескери иш кылып, ратификациядан өтпөсүн деши мүмкүн. Же болбосо бирөө өз жеке кызыкчылыгын ойлошу мүмкүн, мен муну ачык айтайын. Билбейм, эмне үчүн Финансы полициясы мурун кылмыш иш козгоп сураган эмес. Азыр ратификация кылаар алдында иш козгоп, эми сурап жатышкандары мага да таң калыштуу. Эмне үчүн бир ай же эки ай мурун караган жок?

Ал эми Жети-Өгүз районунан келген демилгелүү топтун жети өкүлү бүгүн президентке талабын жолдоп, “Кумтөр” кенине байланышкан маселелерди ачык чечүүнү өкмөт менен парламенттен да талап кылган жатат.

XS
SM
MD
LG