Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

17:52 Бүгүн Жалалабатта Аксы окуясы боюнча аскер сотунун иши улантылган жок


2002-жылдын 17-мартындагы окуяга байланыштуу сот иши кийинки аптага жылдырылды. Бирок кайсы күнү кайра башталаары али белгисиз. Соттун улантылбай калышы соттолуучулардын адвокаттарынын бирөө келбей калгандыктан сот иши улантылган жок. Мындай маалымат республикалык аскер сотунун облуста жүргөн судьясы Тилек Абдырашитовдон алынды. Аксы окуясын былтыр териштирген Бишкек гарнизондук аскер соту мурда облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен облмилиция башчысы Кубанычбек Токобаевди эки жылдык шарттуу мөөнөт менен 5 жылга соттогон. Ички иштер министринин мурдагы биринчи орунбасары Садырбек Дубанаевдин аракетинде кылмыш курамы жок деп, аны актап чыккан. Аксы окуясынан жабырлануучулардын адвокаты ал өкүмдү күчүндө калтырууну, соттолуучулар аны жокко чыгаруу талабы менен республикалык аскер сотуна кайрылышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG