Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

ГҮЛНАРА КАРИМОВА ДИПЛОМАТИЯЛЫК КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ


Өзбекстанда президент Ислам Каримов тун кызы Гүлнараны тышкы иштер министринин орун басарлыгына дайындады. Бул дароо эле "түшпөс хан өз кызын мураскорлукка таптап жатат" деген өйдө-төмөн кептерге дагы май чачты. А балким нарктуу, барктуу Каримова болгону диппаспорт алып, америкалык соттордон коркуп-үркпөй жер кыдырууну ойлоп жаткандыр.

Гүлнара Каримова сулуу десе сулуу, шыктуу десе шыктуу. Ал зергер буюмдарын ойлоп тапкан таланты менен катар, ырдайт дагы. Гүлнаранын чыгармачылыгы анын «Марказ» телеканалы, «Тера» үналгысы, «Белла Тера» сулуулук жана мода журналы аркылуу өзбек элине абдан жакшы белгилүү.

Ошол эле мезгилде эл оозунда элек жок демекчи, Гүлнара Каримованын ишкер чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн көбүрөөк сөз кылышат. Антпегендечи, ал Өзбекстандагы эң бай адамдардын катарына кирет.

Ушак-айыңга караганда, президенттин кызы өлкөнүн мунай-газ, телеком жана курулуш тармактарын көзөмөлдөйт. Анын ишкер империясы Москва, Дубай, Женевага чейин жайылган, ал жактарда көңүл ачуу, маалымат каражаттары, курорттор жаатында шугулданат деп айтып жүрүшөт.

Мына эми Каримова ишкердүүлүк менен катар, мамлекеттик ишке да аралаша баштады. Ал жакында тышкы иштер министринин маданият иштери боюнча орун басарлыгына дайындалды. Ушуга байланыштуу президент аны өз ордуна калтырганга даярдап жатат деген уу-дуу кеп кайра жанданды.

Ошол эле мезгилде анын саясатка баш-оту менен кирип кетээринен күмөн санагандар жок эмес. Оппозициячыл саясатчы Сухбат Абдуллаев "Азаттыкка" президент өз бийлигинен да, байлыгын сактап калуунун айласын издеп жатат деп шектенет:

– Чамасы Каримов кызын жогорку кызматка көтөргүсү келет. Бирок мында сөзсүз эле президенттик кызмат тууралуу сөз кылбаш керек. Өкмөттө эгер президенттин үй-бүлөсүнөн бирөө отурса Каримовдун таасирин жана ал бийликтен кеткенден кийин анын байлыгын сактап кала тургандай кызматтар деле бар.

Ал эми ташкендик көз карандысыз серепчи Тошпулат Юлдашев Каримованын саясатка ылайыктуу сапаттары жетишсиз деп эсептейт:

- Анын бизнеси атасынын аркасы менен гана өрүш алып келди. Анын атасы өлкөнү билгениндей башкарган кожоюн эмеспи. Өзбекстандын жарымынан ашыгы ушул Гүлнарага тийешелүү деп айтышат. Бирок анын саясий жетишкендиктерин эстей албайм. Ал болгону атасынын көмөгү менен бизнесте ийгиликке жетишкен ишкер.

Бул окуянын төркүнү көпчүлүк ойлогондон кыйла жупуну болушу да ажеп эмес. Көз карандысыз Узметроном.ком сайты 3-февралда жазгандай, Каримова жаңы кызматы менен дипломатиялык кол тийбестикке ээ болот. Мындай кол тийбестик менен ал чет өлкөлөргө кенен-кесири каттай алат.

2003-жылы ооган америкалык күйөөсү менен ажырашкандан кийин, Каримованы америкалык сот эки уулун атасына берүүгө милдеттендирген. Бирок ал балдарын алып мекенине кетип калгандыктан Кошмо Штаттарына жана бул өлкө менен кылмышкерлерди чыгарып берүү келишими бар өлкөлөргө бара албай калган. Тышкы иштер министринин орун басары катары ал эми эл аралык изоляциядан чыгууга мүмкүнчүлүк алууда.

XS
SM
MD
LG